Кыргыз тили

Кыргыз тилинен / кыргыз тилине жазуу жана оозеки түрүндө которуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

«Eurasian Linguistics» кесипкөй оозеки жана жазуу түрүндөгү котормону жүзөгө ашырууга, ошондой эле кыргыз тилинен /кыргыз тилине локалдаштырууга комплекстүү мамиле жасаган компания болуп саналат.2000 кесипкөй лингвисттерден турган жамаатыбыздын билиминен улам, Сиздерге Сиздердин мөөнөтүңүздөргө жана бюджетиңиздерге ылайык келүүчү кыргыз тилинен / кыргыз тилине жогорку сапаттагы оозеки жана жазуу түрүндөгү которууларды сунуштай алабыз. Ошондой эле, биз оозеки жана жазуу түрүндөгү которуулар, башка көптөгөн тилдерди локалдаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтөбүз.

Сиздердин котормо боюнча долбооруңуздар сапаттын эң бийик стандарттарын сактоо менен аткарыларына ишене берсеңиздер болот, себеби «Eurasian Linguistics» ISO 17100 стандарты (котормонун сапатынын эл аралык стандарты) боюнча толугу менен аккредитациядан өткөн.

«Eurasian Linguistics» менен +44 (0) 118 3800 432 телефону боюнча байланышыңыз же жөн гана ask@eurasianlinguistics.com e-mail –дарегине кыргыз тилинен / кыргыз тилине оозеки жана жазуу түрүндөгү которуунун же башка коштомо кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын билүү үчүн жазыңыз

Биз төмөнкү кызматтарды көрсөтөбүз:

Жогоруда саналып өткөн кызмат көрсөтүүлөр башка тилдерге да жайылтылат.

«Eurasian Linguistics» оозеки жана жазуу түрүндө которуунун кууш адистешкен компаниясы катары негизги көңүлдү юридикалык жана бизнес оозеки жана жазуу котормого буруу, бирок котормонун медицина жана технология сыяктуу башка жаатында кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен, кыргыз тилинен/кыргыз тилине оозеки жана жазуу түрүндө которуу боюнча адистештирилген, Сиздердин талаптарыңыздарга жооп бере турган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат.

Юридикалык котормо

Биздин жогорку квалификациялуу кыргыз тилинен/кыргыз тилине оозеки жана жазуу түрүндөгү котормочуларыбыз адистештирилген юридикалык терминологияга атайын окутулган. «Eurasian Linguistics» юридикалык документтерди кыргыз тилинен/кыргыз тилине жазуу түрүндө которуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн (келишимдер, күбөнүн көрсөтмөлөрү, компанияларды каттоодон өткөрүү документтери, ишеним каттар, үй-бүлө укугуна тиешелүү болгон түрдүү документтер жана башка документтердин типтери) кенен алкагын, жана ошондой эле   соттордо кыргыз тилинен/кыргыз тилине оозеки которууларды, күбөлөрдүн брифингдерин кыргыз тилинен/кыргыз тилине которууларды, аудио жазууларды кыргыз тилинен/кыргыз тилине көчүрүп жазууларды жана документтерди жеринде кыргыз тилинде күбөлөндүрүүнү сунуштай алат.

Бизнес котормо

«Eurasian Linguistics» документтерди кыргыз тилинен/кыргыз тилине оозеки жана жазуу түрүндө которуу жана ошондой эле бизнес-багыттын кенен тармагындагы биздин кыргыз лингвисттерибиздин тажрыйбасына жана жогорку квалификациялуулугуна байланыштуу бизнес-кардарларыбызга керектүү локалдаштыруулар боюнча жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтөт: документтердин түрдүү типтерин, анын ичинде финансы отчетторун, базар коньюктурасынын серебин, жылдык отчетторду, отурумдардын протоколдорун, пресс-релиздерди, электрондук дарек боюнча кат жазышууларды жана макулдашууларды кыргыз тилинен/ кыргыз тилине которуу; кардарлар менен жолугушууларды, директорлор кеңешинин отурумдарын, конференцияларды жана презентацияларды кыргыз тилинен/кыргыз тилине оозеки которуу; документтерди жеринде кыргыз тилинде күбөлөндүрүү.

 

«Eurasian Linguistics» юридикалык жана бизнес оозеки жана жазуу түрүндөгү которууга жана локалдаштырууга адистешкендигине карабай, биздин которуу компаниябыз башка жааттарда да кыргыз тилинен/кыргыз тилине оозеки жана жазуу которууну сунуштай алабыз. «Eurasian Linguistics» медициналык отчетторду, жаңы технологияларды колдонуу боюнча нускамаларды, брошюраларды, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, нике күбөлүктөрүн, ажырашуу тууралуу күбөлүктөрдү жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктөрдү которууну жүзөгө ашырган. «Eurasian Linguistics» компаниясында жарнамалык жана маркетингдик материалдарды, көркөм галереянын брошюраларын, үйлөнүү үлпөтүндө сүйлөнө турган сөздөрдү жана сыйлоонун кадырлуу иш-чаралары үчүн сценарийлерди которуу тажрыйбасы бар.

 

«Eurasian Linguistics» компаниянын атынан кыргыз тилинен/кыргыз тилине которуунун сертификатталган кызматын сунуштай да, жана биздин кесипкөй лингвисттерге алардын атынан сертификациялоону берүү өтүнүчү менен кайрыла да алат. Биздин компанияда көптөгөн лингвисттер»расмий» котормочулар, алар конкреттүү жашап турган ордуна жараша юридикалык же административдик талаптарга ылайык котормолорду нотариус аркылуу күбөлөнлүрүүгө ыйгарым укуктуу.

Бир нече нотариус, анын ичинде нотариус-лингвисттердин жетектөөчү лондондук фирмасы менен кызматташуунун алкагында, биз документтерди нотариустук күбөлөндүрүүнү жана аны Тышкы иштер министрлигинин апостили менен мыйзамдаштырууну сунуштай алабыз.

«Eurasian Linguistics» компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылуучу оозеки жана жазуу котормонун, локалдаштыруунун көпчүлүк бөлүгү англис жана башка тилдердин ортосунда жүзөгө ашырылгандыгына карабастан, биздин лингвисттерибиздин көпчүлүгү бир нече тилде иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Ошентип, «Eurasian Linguistics» документтерди оозеки, жазуу түрүндө которуу жана өзүнө англис тилин камтыбаган, кыргыз-орус же француз-кыргыз сыяктуу тилдик жуптарды, ошондой эле көптөгөн башка тилдик жуптарды локалдаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

«Eurasian Linguistics» компаниясынын кызматын пайдалануу менен, Сиздердин документтериңиздер жана маалыматтарыңыздар коопсуз болорлугуна ишенимдүү боло бериңиздер, себеби биз маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламентке ылайык, биздин маалыматтар жана байланыштар базабыздагы маалыматтарды коргоону камсыз кылуу үчүн системаларды жана технологияларды пайдаланабыз, ал эми биздин лингвисттердин бардыгы конфиденциалдуулук жөнүндөгү макулдашууларга кол коюуга милдеттендирилет. Ошондой эле, биз конфиденциалдуулуктун өзгөчө шарттарына тиешелүү болгон Сиздердин бардык талаптарыңыздарды канааттандыра алабыз.

 

Бизге +44 (0) 118 3800 432 телефону боюнча кайрылыңыз же жөн гана   ask@eurasianlinguistics.com e-mail –дарегине кыргыз тилинен / кыргыз тилине оозеки жана жазуу түрүндөгү которуунун жана «Eurasian Linguistics» түрдүү талаптарга багыт алып, көрсөткөн локалдаштыруунун наркын тактоо үчүн жазып жибериңиз.

GET IN TOUCH

Please drop us a line to get a bespoke quote or request a callback to discuss your translation / interpreting needs.

CONTACT US